Баш мээси жабыркаган оорулууларды авиаташуу

Баш мээси жабыркаган оорулууларды авиаташуу

Авиаперевозка больных с поражениями головного мозга

Медициналык авиация ар кандай диагноздору менен: алардын ичинен баш мээсинен жабыркоочу оорулууларга жардамга келет. Мындай бейтаптарды транспорттоо өзгөчө кылдаттыкты талап кылат, анткени баш сөөгүнүн ичинде кан куюлуу башынан өткөн адамдар, өзгөчө сезгичтиги менен айырмаланышат.

Кайда алып баруу

Баш мээси жабыркаган оорулуулар адата жалпы профилдеги ооруканалардан биринчи дарылоону алышат. Тилеке каршы мындай ооруканаларда көп учурда нейрохирургиялык бөлүм жок. Мындай бейтаптар нейрохирургиялык стационарга токтоосуз транспорттоону талап кылат. Бирок оорулуулардын оор абалы, аларды жердеги ыкмалар менен жүрүүгө мүмкүндүк бербеген учурлар аз эмес, жана ошондо жардамга санитардык авиация келет.

Чындыгында ушул шарттарда өтө этият болуу керек, же болбосо оор кесепеттерге алып келүүчү мээнин экинчилик ишемиялык оорусуна кабылуу болот.

Оорулууларды авиаташуулардагы типтүү каталар

Тилеке каршы, катуу оорулуулар менен иштөөдө кемичиликтерди болтурбоого дайым эле мүмкүн эмес. Транспорттоо эч качан бир медик менен аткарылбаш керек – баш мээсине доо кеткен оорулууларды авиаташуу үчүн медициналык бригада керек. Бейтап менен кошо бардык керектүү документтер, биринчи кезекте интенсивдүү терапия картасы жана эпикриз келишин көзөмөлдөө талап кылынат.

Учуп жатканда орулуунун жетиштүү кычкылтеги, ал эми бортунда – интенсивдүү терапиянын бардык керектүү жабдуусу болууга тийиш.

Өтө оор оорулууларды транспорттоо мезгилинде жасалуучу башка да типтүү каталар да таркаган. Атап айтканда, мындай бейтапты коштоп бараткан медиктер, оорулууну авиаташып жатканда пайда болуучу, физикалык жүктөмдөр менен байланышкан атофизиологиялык өзгөрүүлөрдү жана бузулууларды байкабай калышы мүмкүн. Добуштун деңгээлин, ошондой эле басымды, ылдамданууну жана титирөөнү эске алуу керек. Андан башка, эч качан өпкөнүн жасалма желдетүүсүнөн, эгерде ал зарыл болсо баш тартууга болбойт. Баш мээсине доо кеткен оорулууларды транспорттоо убагында коопсуздуктун эрежелерин толук сактаганда учуу нормалдуу өтөт.

Читайте также  Чем опасен гепатит В
admin

Comments are closed.